7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен Путин телефон аркылуу кыргыз-тажик чек ара чыры боюнча сүйлөштү

1292

Бүгүн, 10-майда, Россия тараптын демилгеси менен  Садыр Жапаров жана  Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болуп өткөн жаңжалга байланыштуу кырдаал талкууланды. Владимир Путин Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасына чек ара жаңжалынын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон гуманитардык жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ушул жылдын май айынын аягында Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапарын макулдашты. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана Евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелери каралат. Тараптар ЖККУнун, КМШнын жана ШКУнун алкагында, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушат.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар, анын ичинде Россия вакцинасын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулашат.

Ошондой эле Россия Президенти Кыргызстан элин жаңы Конституциянын кабыл алынышы жана күчүнө кириши менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1293