7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербешибиз керек. Жапаров менен Рахмон жолугушту

453

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров менен Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берээрин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгиледи.

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз», — деп билдирди ал.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмонго Тажикстан Республикасына расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, — деп баса белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

454