7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Министрлердин убакытын албай, алардын орун басарлары менен иштешкиле

118

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин биринчи жыйынында жаңы шайланып келген депутаттарга кайрылып, парламент жыйындарына министрлерди чакыра бербей, алардын орун басарлары жана маселеге тиешелүү адистер менен иштешүүгө чакырды.

Анын айтымында, жетекчилер министрликтердин ишин жылдыруу үчүн тынымсыз иштеши керек.

«Министрлерди чакырсам эле Жогорку Кеңеште жүрөт, комитеттин жыйынында жүрөт деген жоопторду угам. Министрлердин зарыл болгон учурда түнкүсүн да тынчын алып иштөөдөбүз. Министрлердин өзүн чакырып жатканыңарды түшүнөм бирок, орун басарлар, тиешелүү адистер менен иштешкиле», -деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын ант берүү аземи өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.

119