7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Санариптик, финансылык сабаттуулукту жогорулаткандарга артыкчылык берилиши керек

13

Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоого артыкчылык берилиши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо, жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары жаатында кадрларды даярдоо, коопсуздук стандарттарын жана тобокелдиктерди башкарууну калыптандыруу зарыл.

“Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды чыгарууга тийишпиз. Ошондой эле инновациялар ачык-айкындуулук, так эрежелер жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү.

Ушул факторлордун айкалышы гана – адамдык потенциал, натыйжалуу жөнгө салуу жана технологиялык база – санариптик экосистеманын туруктуулугун жана жарандардын, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздай алат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилгенин айтты. Анын ишине дүйнөлүк денгээлдеги кесипкөйлөрдүн, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу эң мыкты жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларга жетүүгө жол ачарын кошумчалады.

14