7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: ШКУ пайдага негизделген эл аралык мамилелердин шыктандыруучу мисалы болду

570

«Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин моделинин шыктандыруучу мисалы болуп калды», — деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда видеоконференц-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүнүн башында Индия Республикасынын ШКУга жемиштүү төрагалыгына ыраазычылыгын билдирип, бул убакыттын ичинде Индия ШКУ мамлекеттеринин кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүсүн мындан ары бекемдөө боюнча чоң иштерди аткаргандыгын белгиледи.

Президент биргелешкен иштин маанилүү жыйынтыктарынын бири Иран Ислам Республикасынын ШКУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кирүүсү болот, деп баса белгиледи. Ошондой эле Беларусь Республикасы сыяктуу ишенимдүү өнөктөштү ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кошуу процедурасынын ийгиликтүү аяктоосу күтүлүүдө. Өткөн мезгил ичинде «ШКУнун үй-бүлөсүнүн» географиясы кыйла кеңейгени кубандырат.

Садыр Жапаров учурда Кувейт Мамлекетине, Мальдив Республикасына, Мьянма Бирлиги Республикасына, Бириккен Араб Эмираттарына жана Бахрейн Королдугуна ШКУнун диалог боюнча өнөктөшү макамы берилгенин канааттануу менен белгиледи.

ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүнүн жалпы саны 14 өлкөгө жеткен бекем жана келечектүү потенциалын эске алуу менен Мамлекет башчысы Катчылыкка биргелешкен иш-чаралардын «Жол картасын» иштеп чыгуусун тапшырууну сунуштады.

«Бул соода, инвестиция, банк иши, транспорт, энергетика, ошондой эле маданий-гуманитардык, анын ичинде туризм жана билим берүү чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга диалог боюнча өнөктөштөрүбүздү активдүү тартууга мүмкүндүк берет, деп ойлойм. Кызматташуунун чоң потенциалын ишке киргизүү зарыл. Акыркы жылдары ШКУнун географиялык камтуусунун олуттуу кеңейиши эл аралык коомчулуктун биздин уюмга болгон кызыгуусунун өсүп жатканын тастыктайт. Бул бардык жактан алып караганда түшүнүктүү. Азыркы күнү дүйнөдө диалогдун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун аябай тартыштыгы сезилип жаткан учурда Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин шыктандыруучу мисалы болуп калды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы негиздөөчү мамлекет катары ШКУнун Хартиясынын духуна жана анда жазылгандарына бекем берилгендигин, мүчө мамлекеттердин коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди ар тараптуу колдой тургандыгын баса белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571