7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров суу түтүгү жарылган ЖЭБге барып, станцияда көчмө жыйын өткөрдү

740

Акылбек Жапаров Бишкек шаардык ЖЭБдеги үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында суу түтүгү жарылган насостук станцияда көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, ЖЭБ кызматкерлеринин ыкчам жооп кайтаруусуна жараша, объектидеги авариялык абал жөнгө салынган.

«Борбордун тургундары үчүн жылуулук энергиясын берүү токтотулган жок. Насостук станциянын иши ыкчам калыбына келтирилген», — деп билдирди энергетика министри Доскул Бекмырзаев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мындай окуяларга жол бербөө максатында, өзгөчө түнкүсүн күзөттөгү кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл.

«Бул жолу компаниянын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңыртууга убакыт келди», — деди Акылбек Жапаров жана 2022-жылдын апрель айына карата жаңылатууга муктаж жабдуулардын тизимин даярдоону тапшырды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741