7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

682

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуунун алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, ЭКУ саммитинин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жылуу куттуктап, Ашхабад шаарында өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Уюм маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.
Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

683