Бишкек шаарында эле 15 мектеп, 5 бала бакчаны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салып баштадык. Бишкектин тарыхында 15 мектеп бир учурда салынып баштайт деген таптакыр болгон эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салуу аземинде билдирди.
Аны менен бирге, өлкөдөгү мектептердин тартыштыгына жана административдик имараттын курулушуна байланыштуу сын-пикирлерге токтолду.
“Өлкө боюнча, дээрлик бардык тармактарда масштабдуу түрдө курулуштар жүрүп жатат. Аны өзүңүздөр көрүп, билип турасыздар. Бишкек шаарында эле 15 мектеп, 5 бала бакчаны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салып баштадык. “Ак-Бата”, “Алтын-Ордо”, “Мурас-Ордо”, “Ак-Ордо”, “Ак-Босого”, “Көлмө” конуштарында мектептер салынат. Баары башталды. Бишкектин тарыхында 15 мектеп бир учурда салынып баштайт деген таптакыр болгон эмес. 15 мектеп, 5 бала бакча. Буга биз 2,5 млрд сомдон ашык каражатты бөлдүк. Мектептердин ар бир чарчы метрин 650 доллардан салып жатабыз. Буга чейин ар бир чарчы метрин 820 доллардан салып келишкен. Акыркы он жылда республика боюнча канча мектептер курулган болсо, ар бир чарчы метринен 170 доллардан кемитип коюңуздар канча сумма чыгат экен.
Жүздөгөн миллион долларлар чыгат. Эгер 300 мектеп салынган болсо ортодо 200 миллион доллар желип кеткен деген сөз да. Баарын жеп жүрүшкөн. Эгерде жебей, бүгүнкү күндөй 650 доллардан сала турган болсо дагы 200 мектеп түшүп калмак жалпы республика боюнча. Жалпы өлкө боюнча айрым айылдарда абдан эскилиги жеткен социалдык имараттар дагы деле бар. Аны моюнга алышыбыз керек. Алардын баарын тактап чыгууга тапшырма бергенмин. Мамлекеттик курулуш агенттиги, администрация иштеп атат бул боюнча. Жакынкы 3-4 жылдын ичинде бүт Кыргызстан боюнча мектептерди, социалдык объекттердин баарын жаңыртабыз. Буюрса быйыл айлык, пенсия, жөлөкпул – баарын сезилердик көтөрүп жатабыз. Социалдык чөйрөгө бюджеттен 111 млрд сом каралган, андан тышкары социалдык чөйрөдөгү маяналарды көтөрүүгө кошумча 26 млрд сом таап жатабыз»,-деди өлкө башчы.