Ошто опузалап 50 миӊ сом акча талап кылууга шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучу тараптан берилген арыздын жана тергөө иштеринин маалыматтарына караганда, 26-апрель күнү шектүүлөр өздөрүнүн таанышы болгон, жеке үйдө массаж жасоо менен алектенишкен 2000-жылы туулган Б. кызы О. жана анын теӊтушу Э. кызы А. жашаган үйгө келишип, кыздарга массаж жасатып жаткан жабырлануучуну мобилдик телефонуна видеого тартып алышкан.
Тартылган видеону кайрадан жабырлануучуга көрсөтүп, «эгерде 50 миӊ сом алып келбесеӊ бул видеону сенин жакындарына, үй-бүлөӊө көрсөтүп, интернетке чыгарабыз» деп коркутушуп, анын жанындагы 25 миӊ сом акчасын, пастортун жана автомашинасынын техпаспортун алып коюшкан.
Эртеси күнү жабырлануучу акча таба албай койгон учурда, шектүүлөр андан автомашинасын ломбардка коюп, 50 миӊ сом акча таап берүүнү талап кыла башташкан.
Жарандан опузалап акча талап кылууга шектүү катары 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган Т.Н.аттуу аял жана анын шериги 1998-жылы Алай районунда туулган М.уулу С. кармалышты.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш кодексинин 208-беренеси(опузалап талап кылуу) иш козголгон.
Белгилей кетсек, шектүүлөр Ош шаарында убактылуу жашап турушкан.
Ал эми жабырлануучу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазууга аргасыз болгон. Учурда тергөө кызматы тарабынан бул факты боюнча тереӊ иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир топ тергөөнүн сырына байланыштуу айтылбаган жагдайлар бар. Болгон окуяны так аныктоо боюнча ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Массаж менен алектенген кыздардын чыныгы ишмердүүлүгү, шектүүлөр менен байланышы текшерилүүдө.