7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук РИИБнын тергөөчүсү менен кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

756

Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э. жана ыкчам кызматкери У.И. кармалды.

А.Ж. аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук РИИБ кызматкерлерине чара көрүү үчүн УКМКга арыз менен кайрылган.

2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж. карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

28-апрелде саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнын тергөөчүсү милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган М.Э. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757