Бишкекте Панфилов сейил багынын кире бериши жана «Эркин-Тоо» басмаканасынын фасады оңдолууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Аткарылган иштердин алкагында Панфилов атындагы сейил багынын администрациясы кире беришин жаңылоо иштерин бүтүрүп жатат. Азыр оюн-зоок комплексинин кире бериши жаз деминдей керемет көрүнөт»,-деп берилет билдирүүдө.
Ошондой эле борбор калаадагы эң эски имарат Эркиндик бульвары менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Эркин-Тоо” басмаканасынын фасадын жаңылоо менен “Элит Хаус” курулуш компаниясы алектенүүдө.