7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттуктап, ийгилик каалады

606

Бүгүн, 20-декабрда, Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди чын жүрөктөн бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.Сиздердин ишмердик — мамлекеттик жана коомдук турмуштун ажырагыс бир бөлүгү. Мыйзамдуулук жана коопсуздукту сактоо менен өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга зор салым кошуп келесиздер. Дүйнө жүзү боюнча технологиянын тездеп өнүгүшүнүн  пайдасы менен бирге коркунучтары да түйшүк жаратып жаткан убакта сиздердин күч-аракеттер баа жеткис.

Биздин атайын кызмат өлкө жарандарынын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин, конституциялык түзүлүшүн, аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы терс аракеттерден коргоо жаатындагы негизги милдеттерин татыктуу аткарууда. Ошентсе да бул кесиптин жоопкер өкүлдөрү катары Мекенибизге каршы ыктымал коркунучтардын алдын алууга ар дайым даярсыздар деп ишенем.

Улуттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатып, экономикабызды алга жылдыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзө алабыз. Бул мамлекетибизде туруктуу абалды камсыз кылууга жана өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө жол ачат. Бул жаатта коюлган милдеттерге жетишүү үчүн атайын кызматкерлер билимин, тажрыйбасын, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча талбай иштеши керек.

Анткени ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кызматыңыздарды мыкты аткарууңуздарга жеке эле жарандардын коопсуздугу гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн бейкуттугу көз каранды. Мына ушундан улам өз кесибине жоопкер, абийирдүү, атуулдук сезими артык, өз ишинин мыкты адистери гана мындай түзүм катарында кызмат өтөйт.

КРнын коопсуздук органдарынын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, майтарылгыс эрк каалайм. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун! Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла бериңиздер!».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607