7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен ооруктун эмгекчилдерине бекем ден соолук каалады (ФОТО)

869

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарынагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Андан соң Президент сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилдерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Садыр Жапаров Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу болуп калган бүткүл элдик майрам экенин белгиледи. Кыргызстандык жоокерлердин ысымдары Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына алтын тамгалар менен жазылган. Алардын улуу эрдиги эч качан унутулбайт жана жана башкаларды өзүнүн сүйүктүү Мекенин мындан ары өнүктүрүүсү үчүн жаңы эрдиктерге шыктандырат.

Ошол эле жерде Бишкек горнизонунун аскеринин өздүк курамы салтанат менен басып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилдеринин ар бири менен учурашып, узак өмүр, бекем ден соолук каалап, аларды талаа ашканасына чейин коштоп барды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

870