7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дмитрий Медведев кыргыз элин куттуктап, ардагерлерге чың ден соолук жана бакубатчылык каалады

481

Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Биз Мекендин эркиндигин жана көз карандысыздыгын согуш талаасында эрдиги жана тылда жан аябас эмгеги менен коргогондордун эрдиктерин ыраазычылык менен эсибизде түбөлүккө сактайбыз.

Согуш жылдарындагы оор сыноолордон өткөн Россия менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы бекем достук мындан ары да биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү таяныч болуп кызмат кыла берерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Дмитрий Медведев Кыргызстанда жашап жаткан ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482