7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Президент Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлдү

235

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 107 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн КРнын президентинин иш башкармасына президенттин фондунан 10 807 000 сом бөлүү тапшырылат:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
  • Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 000 сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүндө жана төрт эселенген бир жолку акчалай жөлөкпулдарды алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

236