7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров өзгөчө статуска ээ болгон 5 жогорку окуу жайдын ишин сынга алды

528

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга дейре өзгөчө статус ыйгарылган 5 жогорку окуу жайынын ишин сынга алды.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгы менен жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, дүйнөлүк билим берүү рыногундагы потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статус ыйгарылган.

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча иштер жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.

«Мен президентинин жарлыгынын аткарылышына канааттанган жокмун. Чечим кабыл алынгандан бери 6 ай өттү, бирок мен жогорку окуу жайлардын өнүгүү стратегияларын, келерки жылга конкреттүү иш пландарын, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды көрө алган жокмун. Мүмкүн болушунча тез арада мүлктү инвентаризациялап, жатаканалардын абалы менен таанышып, убакыт, сапат жана натыйжалуулук менен өлчөнө турган конкреттүү максаттарды жана милдеттерди камтыган иш-чаралардын планы даярдалсын. Жогорку окуу жайлар инновациялык, креативдүү бизнес-идеялар менен чыгышы керек. Долбоорлор реалдуу жыйынтык берсе, ага колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

529