7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров жарандардын ден соолугун тамекиден коргоо мыйзамына кол койду

985

Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын реализациялоо.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

986