7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Жасалма интеллект чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоого гана кызмат кылууга тийиш

49

“Жасалма акыл технологиялары тынчтык, чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоо максаттарына гана кызмат кылууга тийиш”, — деп белгиледи президент Садыр Жапаров 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы жыйынында сөз сүйлөп жатып белгиледи.

Мамлекет башчысы сөзүнүн башында Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнго иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине жасалма интеллект маселесин киргизүү өтө өз убагында жана актуалдуу экенин баса белгиледи.

Президент азыркы тапта Кыргызстан жасалма интеллект технологияларын мамлекеттик башкарууга жана экономиканын негизги секторлоруна киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатканын белгиледи. Алсак, 2024-2028 жылдарга карата Санарип трансформация концепциясынын негизинде бир катар демилгелерди ишке ашырылууда, алардын ичинде улуттук жасалма интеллект платформасын, жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөө борборун түзүү, адистерди даярдоо үчүн билим берүү программалары иштелип чыгууда.

Садыр Жапаров Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун демилгелерине катышып, Борбор Азия жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттер менен биргелешкен долбоорлорду талкуулап жатканына көңүл бурду.

Мамлекет башчысы жасалма интеллект XXI кылымдын эң алгачкы жана трансформациялык технологиялардын бири болуп калганын жана биздин жашоо турмушубуздун бардык тармактарына таасир этип жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге ал артыкчылыктар менен катар жаңы чакырыктарды белгилеп өттү. Алардын ичинде, жасалма интелектти аскердик максаттарда колдонуу, автономдуу курал системаларын өндүрүү жана иштеп чыгуу, киберкоопсуздукка жана дезинформацияга байланышкан коркунучтар бар.

“Бул тобокелдиктер эл аралык коомчулуктун ишенимине доо кетирет, стратегиялык туруктуулукка коркунуч жаратат жана жаңы жаңжалдардын чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Кыргызстан бул технологияны тынчтык, чыр-чатактардын алдын алуу жана адам өмүрүн коргоо максаттарына гана кызмат кылат деген бекем ишеничте”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Буга байланыштуу ал дүйнө коомчулугун жаңы технологияларды жоопкерчилик менен пайдалануу боюнча эл аралык стандарттарды жана эрежелерди иштеп чыгууга чакырды.

Мындан тышкары Садыр Жапаров жасалма акылдын артыкчылыктары бардык мамлекеттерге — өнүккөн гана эмес, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө да жеткиликтүү болууга тийиш деп белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин коюп жатканын билдирди. Ал өлкө эгерде шайланып калса, анда жасалма интелектти тынчтык жолунда колдонуу боюнча аракеттерге өз салымын кошууга жана биргелешкен демилгелерди активдүү илгерилеттүүгө даярдыгына ишендирди.

50