Министрлер Кабинетинин төрагасы Жетекчиси Акылбек Жапаров Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан № 19 ведомстволук бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бала бакча капиталдык оңдоодон кийин ачылды, ал 240 орунга ылайыкталган.
МинКаб Төрагасы Президенттин атынан Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу(пенитенциардык) тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин эмгегинин маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал ошондой эле буга чейин жазык-аткаруу системасын каржылоо калдык принцибинде ишке ашырылып келгенин белгиледи.
“Алыс барбайлы, Жазаларды аткаруу кызматына 2015-жылы 900 млн сом каралса, азыр акыркы эки жылда 3 млрд сомго чейин каражат каралды. Бул каражаттар биринчиден – кызматкерлердин айлыктарын, ардагерлердин пенсиясын көтөрүүгө, бүгүнкүдөй турмуш-шартын жакшыртууга жумшалууда, экинчиден Жазаларды аткаруу мекемелери шаар сыртына көчүрүлүп жатат. Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин жетекчилиги тарабынан кылмыш жазаларын аткаруу тутумун реструктуризациялоо, электрондук билериктерди, сыноо мөөнөтүн жана айып салуу системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Министрлер Кабинети системаны өркүндөтүүгө багытталган идеяларды колдоого дайым даяр”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Андан соң бала бакчанын окуу класстарын, коридорлорун, тамак-аш сакталуучу кампасын, ашканасын жана жалпы аймагын көрүп чыкты.
Белгилей кетсек, оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштерине 30 млн сомго жакын бөлүнгөн, мындан тышкары МинКаб Төрагасы бала бакчанын керектөөсүнө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Резервдик фондунан 200 миң сом бөлгөн.