7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапонияда AkylAI колонкасы кызыгуу жаратты

313

Жапониянын Осака шаарында өтүп жаткан «Экспо-2025» көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильону инновациялык технологияларды жана бай улуттук салттарды айкалыштыруу менен чыныгы сенсация жаратты.

Конокторду Жогорку технологиялар паркынан билдиришкендей, анда өнөктөш — The Cramer Project тарабынан түзүлгөн AkylAI акылдуу колонкасы негизги кызыгууну жаратты. Осакадагы көргөзмө үчүн колонка жапон тилин үйрөнүп, эми кыргыз, англис жана жапон тилдеринде сүйлөйт.

Коноктор Mirror Look — улуттук кыргыз кийимдерин виртуалдык түрдө кийип көрүүгө мүмкүндүк берген IT-продуктуну сынап көрө алышты. Жасалма интеллект коноктун салттуу кийимдеги сүрөтүн жаратат жана аны дароо телефонго жүктөп алууга болот

2024-жылы жогорку технологиялар паркынын резиденттери гана 10,67 млрд. сомго кызмат экспорттошту. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 45%га көп.

314