6-мартта болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Степной айлында жайгашкан ЖАКтын №2 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргытуу аракетин ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан алдын алынды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иштердин натыйжасында аталган мекеменин сырткы аймагында 1987-жылы туулган жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыю салынган бумдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. Кармалган жаранды тинтүү иш-чарасы жүргүзүлүп, жыйынтыгында жарандын жанындагы чакан сумкасынын ичинен 8 (сегиз) даана уюлдук телефон жана 1 (бир) даан уюлдук операторунун симкартасы табылган.
Бул факты Аламүдүн РИИБнин тергөө ыкчам тобуна өткөрүлүп берилип, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныткоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.