7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу маселелеси талкууланды

637

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү.

Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, ишке орноштуруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер катышты.  Жыйындын жүрүшүндө эмгек мигранттарын ишке орноштурууда мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү маселеси каралды.

Мекендештерге сапаттуу юридикалык көмөк көрсөтүү, камсыздандырууну киргизүү, мыйзамдуу түрдө жумушка орноштурууну жеңилдетүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле виза режимин жеңилдетүү жана ишке чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү иштерин тездетүү тапшырылды.

«Учурда биз республикага тейлөө көрсөтүү жана өндүрүш тармагындагы гана эмес, мектептерге, ооруканаларга, мамлекеттик мекемелерге да адискөй кадрларды кайтарууга умтулуудабыз. Бирок жакынкы жылдары бизде жаштардын эсебинен жумушчу күчүнүн арбын болушу күтүлөт. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Алар анда экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү да ала алышат», — деп белгиледи Байсалов.

Быйыл жылдын башында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды эмгекке орноштуруу борбору түзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638