7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандардын муктаждыгынан акча жасаган күрөөкананын ээси кармалды

12

УКМК тарабынан ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси «С.М.А.»нын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «С.М.А.» өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, каржылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандардын эсебинен мыйзамсыз киреше табуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз негизде күрөөкана иштетүү жана сүткордук иштерин жүргүзгөн.

Каражаттардын өтө жогорку пайыздык чендер менен ачыктан-ачык оор шарттарда берилүүсү, жабырлануучуларды көз каранды абалга алып келген жана аларды өзүнө алган милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «С.М.А.»нын ишенимдүү адамдарынын чөйрөсү аныкталып, алардын аттарына кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн олуттуу саны катталгандыгы белгилүү болду.

Мындан тышкары, жабырлануучуларга кысым көрсөтүү, коркутуу жана психологиялык басым көрсөтүү элементтери менен коштолгон мыйзамсыз иш-аракеттердин уюшкандык мүнөзүн көрсөткөн далилдер алынды. Өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн «С.М.А.» укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардагы мүмкүн болгон байланыштарын колдонуу аркылуу, андан жапа чеккен жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн органдарга кайрылууларына тоскоолдук жараткан.
Жогоруда айтылгандарды жана кылмыш ишиндеги талашсыз далил базасын эске алуу менен, КР жараны «С.М.А.» кармалып, 2026-жылдын 14-январында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, ага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

13