7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаратылыш министрлигине 39 унаа жана атайын техниканын ачкычы тапшырылды

6

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаңы автоунаа жана атайын техникалардын ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, экология дүйнөлүк деңгээлдеги курч маселелерге айланганын, ошол себептүү жаратылышты, табиятты сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү ишин министрлик ийгиликтүү ишке ашырсын деген максатта жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын айтты. Ал ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун табиятты коргоо маселелерине өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Урматтуу президентибиз өзү үлгү көрсөтүп таштанды тазалоо акцияларына катышканын сиздер билесиздер. Табиятты сактоо канчалык маанилүү экенин сезип жатабыз. Бир эле далил мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарып жатканы. Андыктан чечкиндүү жана натыйжалуу аракеттер зарыл. Белгилей кетсем, тапшырылып жаткан техникалар айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен алынды. Бул сиздердин эмгегиңиздер, ишке берилгендигиңиздер жана Кыргызстандын табиятын коргоо жолундагы даярдыгыңыздар. Ушул заманбап техникалардын келиши жана сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер менен министрлик дагы динамикалуу, натыйжалуу иштеп, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен Кыргызстан табиятын коргой алат деген ишенимимди билдирем”, — деди Адылбек Касымалиев.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында тапшырылган автоунаа жана атайын техникалардын (пикаптар, жеңил жүк ташуучу унаалар жана катерлер) жалпы саны 39 даана.

7