Үстүбүздөгү жылдын январь айынан майга чейин 60 млрд 866 млн сом салык жыйналды. Мамлекеттик салык кызматы жарым жылдагы салык жана төлөм болжолдон 1 млрд 245 млн 600 миң сомго көбүрөөк чогулганын билдирди. Муну менен план 102,1%га ашык аткарылган.
Салык өткөн жылдын жарым жылынан 22 млрд 436 млн сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 158,4%ды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын январь-май айларында 38 млрд 430 млн сом салык топтолгон.