7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенгендер кармалды

510

Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргызстандын жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды.

Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан Республикасы жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.

Учурда Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

511