7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма интеллект адамдын жашоосун кантип өзгөртүп жатат?

215

Жасалма интеллекттеги инновациялык өнүгүүлөр дээрлик бардык тармактарга өзгөрүү киргизип, адамзаттын келечегине жаңы жолдорду ачууда.

Бүгүнкү күндө жасалма интеллект жаңы технологиялардын, маалымат айдыңынын жана робототехниканын негизги кыймылдаткыч күчү болуп калды. Ал эми генеративдик Жасалма интеллект жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, популярдуулугун жогорулатууда.

IBMдин 2023-жылдагы сурамжылоосуна ылайык, масштабдуу ишканаларынын 42%ы AIды өз иштерине интеграциялашкан жана 40 %ы колдонууну пландап жатышат.

Өнүгүүнүн мындай темпин эске алсак AI коомдо кандай өзгөрүүлөрдү алып келет:

Өндүрүштү жана бизнести автоматташтыруу. Чат боттордун жана санарип жардамчыларынын пайда болушу менен компаниялар кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү жана берилген суроолорго жоопторду автоматташтырылган негизде AI ге таянып калышты.

Бизнес лидерлери маалыматтарды талдоо үчүн убакыт коротпостон AIнын чоң көлөмдөгү маалыматтарды талдоо жана анын жыйынтыктарын колдонууга жарактуу визуалдык форматтарга айландыруу жөндөмүн колдонушат.

Саламаттыкты сактоодо. Мүмкүн болбогондой көрүнсө да Жасалма интеллект Саламаттыкты сактоодо да кулач жайды. Көлөмдүү маалыматтарды талдап, ооруларды тезирээк жана так аныктап, дары-дармектерди табууну тездетүүгө жана оптималдаштырууга жол ачты. Ал тургай виртуалдык медайымдардын жардамы менен бейтаптарды көзөмөлдөөгө жардам берүүдө.

Каржы тармагында. Банктар, камсыздандыруучулар жана каржы институттары алдамчылыкты аныктоо, аудит жана кредиттер боюнча кардарларды баалоо сыяктуу ар кандай колдонмолор үчүн AI колдонушат.

Билим берүүдө. Жасалма интеллект окуу китептерин санариптештирүүгө, плагиатты аныктоого жана студенттердин эмоцияларын баалоого жардам берет, ким кыйналып жатканын же зериккенин аныктоого болот.

Массалык маалымат каражаттарында. Бир мисалды Associated Pressтин жыл сайын миңдеген кирешелүү репортаждарды чыгарган Automated Insights колдонуусунан көрүүгө болот. Анда спорт тууралуу маалыматтарды жана оюндун жүрүшүн анализдеп, болжолдуу жыйынтыкты да чыгарып турат.

Кардарларды тейлөөдө. AI кардарларды тейлөөдө чатботтор, робозвоноктор жана виртуалдык жардамчылар түрүндө келет.

Транспортто. Өзү башкарган унаалар, AI менен иштеген саякат пландоочулары транспорт жана логистика тармактарын камтыйт.

Жасалма интеллектин аталган тармактарга интеграция болуусу менен бир нече ыңгайсыздыктар жана коркунучтар болбой койгон жок. Алгач эле адамдарды жумуш ордунан ажыратуу коркунучу бар. Дүйнөлүк экономика форумунун жетекчиси Саадия Захидинин “Келечектеги жумуш орундары тууралуу отчет” аталышындагы изилдөөгө ылайык 2023-2028- жылдар аралыгында жумушчулардын жөндөмдүүлүгүнүн 44%ы өзгөрүүгө дуушар болот. Компаниялар өз кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн чараларды көрбөсө, AIнын жайылышы жумушсуздуктун көбөйүшүнө жана маргинал адамдардын катмарларынын пайда болуусуна жол ачат.

Мындан сырткары көрүүчүлөр тарап жаткан сүрөт жана видеолорду (deepfakes) жасалма же чындык экенин айырмалай албаса, анда маалыматтык адашууга жол ачат. Жеке эле адамга эмес, улут аралык, мамлекет аралык пропаганда жүргүзүүгө, кастыкты козутууга да мүмкүндүк берет. Себеби, азырынча жасалма интеллект боюнча укуктук нормалар иштелип чыга элек.

Даярдаган: Жанара Кайыпбекова

 

 

 

216