Жасалма ветеринардык дары-дармектерди жашыруун өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Каттоодон өтпөгөн жана тийиштүү түрдө катталбаган ветеринардык дары-дармектерди узак убакыт бою мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды.
Жогоруда аталган өндүрүш техникалык стандарттарды жана шарттарды сактабастан, боёкторду жана жыпар жыттуу заттарды кошуу жолу менен жасалып, тийиштүү сертификаты жана башка уруксат кагаздары жок ветеринардык дарыкана аркылуу сатылган.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ветеринардык препараттарды чыгаруучу цехтер, кампалар жана ветеринардык дарыканалар аныкталып, алардан 300 кутудан ашык сапатсыз ветеринардык дары-дармектер, ошондой эле аларды даярдоо учун колдонулган чийки заттар жана материалдар алынды.
Учурда тергөө тарабынан дары-дармектердин базар баасы, ошондой эле бул адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү жана бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталууда, жыйынтыгында алардын аракеттерине мыйзамдуу негизде юридикалык баа берилет.