7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма виза даярдап сатып жүргөн чет элдик жаран кармалды

325

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жасалма виза даярдоо каналын токтотту.

 

Бангладештин жараны мекендештерине акчалай сыйлык үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган. Ал февраль айында Кыргызстандын аймагында эмгек мигранттарын легалдаштыруу үчүн 66 500 АКШ доллары өлчөмүндө акчаны алып, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн.

Тинтүү учурунда Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Аталган чет өлкөлүк жаран камакка алынып, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

326