7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш балдарды мушташтырып видеого тарткан эне суракка алынды

687

Социалдык тармактарда  эки жаш баланы мушташтырып жаткан  аялдын видеосу тарап, талкуу жараткан.Учурда жаш балдарды  мушташтырган аялдардын аты-жөнү такталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Кадамжай районунун Апсамат Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда 10-июнь күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында эки бир туугандын 8 жаштагы уулу менен 9 жаштагы кызы урушуп жаткан видео тартылып алынган.

Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688