Баткенде 680 уюлдук телефонду мыйзамсыз ташып келинген жүк менен автоунаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын 22-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кольцо” стационардык постунан жергиликтүү жашоочу Ш.К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы “Opel Zafira” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок, айдоочу унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.
Көрүлгөн чаралардан улам унаа Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган
Унааны текшерүүдө 10 коробка аткез жүк табылган. Анда жалпы наркы 900 миң сомго бааланган 680 уюлдук телефон болгон.
Учурда бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканы, кармалган адамдын иши тергөөгө өткөнү айтылат маалыматта.