Бишкек шаарында 22 жаштагы жигит бычактан жараат алды. Маалыматты Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, 28-июнда саат 19:00дөр чамасында РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Red Center соода борборунун жанында жаранга бычак сайылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине келген ыкчам-тергөө тобу 2000-жылы туулган А.К. аттуу жигит белгисиз адам менен уруша кетип, сол санына бычак жегендиги аныкталган.
Аталган факт Свердлов РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.А.К. ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк арыз жазуудан баш тарткан. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.