7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш жигитке ыраа көрбөй аялынын оозун, төшүн, жыныстык мүчөсүн кесип салган…

3379

Кызганычтан улам 36 жаштагы аялынын төшүн, оозун жана жыныс мүчөсүн кесип кыйнап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу iz.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта, окуя Татарстандын Лениногорска аймагында катталган. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш аракеттеринин натыйжасында, аял кызганычтын курмандыгы болгондугун аныкташкан. Бул учурда маркумдун күйөөсү башка шаарда командировкада жүргөн. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалып, ал кетип жатканда аялы тирүү калганын айткан.

Ал эми үйдүн алдына орнотулган видео байкоого күйөөсү окуя болгон күнү таңга маал шашып чыгып кеткени түшүп калган. Андан соң күйөөсү сурак берип жатып, аялын кызгаычтан улам аёосуз кыйнап өлтүргөнүн мойнуна алган.

«Мен жокто аялы өзү менен чогуу  иштеген жаш жигитти алып келип жүргөнүн байкап калгам. Кызганычтан улам ортобузда уруш чыгып, аны сковородка менен башка чаптым. Ал эмин жоготуп жыгылды, андан соң аны оозун, төшүн жана жыныстык жерин кестим. Анткени ал жаш жигитти элестетсем эле ушул үч жери ал жигитке тиешелүүдөй сезиле берди, анан дал ушул жерлерди ага ыраа көрбөй кесип салууну туура көрдүм», — деген ал.

Учурда шектүү медициналык кароодон өтүп жатат. Ошондой эле аялын кыйнап өлтүргөн жаранды өмүр боюу эркинен ажыратуу күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3380