«Биздин апаларыбыз илгери мешок кийип жүргөнбү ошондо?», — мындай суроону ырчы Данияр Эрматов өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу блогер Назира Айтбековага берди.
Ал Назира Айтбекованын соңку убактардагы берген интервьюсунда айткан: «Эртеңки күнү Афганистанга айланып кетпейли, эртеңки күнү чүмкөнгөндөрдүн, мешок кийип жүргөндөрдүн өлкөсүнө айланып кетпейли», — деген сөзүн жүктөп, жогорудагы суроону калтырган.
«Жаңылып сүйлөп алгандай эле кабыл алалы. Батыштын бийик имараттарын, жолдорун, экономикасын жана башка жетишкендиктерин туурасак да, кийим жагын туурабай эле коёолучу. Биз Кыргыздар өзүбүздүн улуттук кийимдерибиз менен Кыргызбыз!», — деп жазган ал.