7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди

478

Өлкөгө COVID-19 каршы 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КРнын Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, Кытай Эл Республикасына төртүнчү ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эдил Байсалов кыргызстанцыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.

«Биз келерки жылдын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн жардам эмдөө процессине оң таасирин тийгизет жана республиканын жарандарынын ден соолугун коргойт деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

479