7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаштар коррупцияга ыктайбы-ыктабайбы – мугалимдердин колунда

216

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда билим берүү тармагынын кызматкерлери менен өткөргөн жыйын көпчүлүктү бушайманга салды. Буга чейин коррупция тууралуу сөз болгондо, каржы же салык тармагы, аскер же коопсуздук чөйрөсү, кеминде эле тиги же бул уруксат кагаздарын берген мекемелердин кызматкерлери мисалга келтирилип, жемкорлук менен күрөш күчөп баратканы айтылчу.

Билим берүү тармагы деле, баардык башка багыттар сыяктуу эле, коррупциядан кур эмес экени баарыга белгилүү болгону менен, мындай иштер менен көп байланыштырылчу эмес, анткени кайсы бир ченемде тармак ыйык катары каралчу. Ошондуктан, Ташиевдин: көптөгөн жолугушуулардан кийин коррупция менен күрөштү жогорку жана мектеп окуу жайларынан башташ керек экенин түшүндүк дегени – бомба жарылгандай болду.

Адам баласынын өмүрү азыр төрөлгөндөн тартып, көмүлгөнгө чейин коррупциянын коштоосунда өтөт деген сөз белгилүү жана ар бир жаш бала-өспүрүмдүн аң-сезими ал мектеп менен андан жогорку окуу жайда жүргөндө калыптанганы чын. Мектеп менен бала-бакчага ата-энелер балдарын пара берүү менен орноштуруп калганы – коомубуз канчалык чиригенин көрсөтөт жана мындай ириген чөйрөдөн таза дарак өсүп чыкпайт го.

Ошондуктан, УКМК төрагасы билим берүү тармагынын кызматкерлерине кайрылып, коомду коррупциядан тазалоо ишинде алардын мааниси өтө зор экенин айтканын түшүнсө болот. Ошол эле учурда Ташиев – билим берүү тармагындагы коррупция тууралуу абдан көп маалымат чогулуп калганын жана жакын арада бир топ катуу чаралар да көрүлөөрү ажеп эмес экенин эскертти.

«Баардык кылмыштар билим берүү системасынан башталат. Биз баарыбыз – доктурлар, милиция, прокурорлор – баарыбыз ошол жактан чыкканбыз. Биз баарыбыз силердин балдарыңарбыз, анткени силердин окуучуңарбыз. Абалды өзгөртпөсөк, мындай жагдай кийинки муундар менен дагы кайталана берет, анткени алар дагы силердин колуңардан чыгат. Силер студенттерди тарбиялайсыңар, абалды силер оңдош керексиңер».

 

217