7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүмдөр дагы бар. Жалал-Абадда «Кайырчы» аталышындагы рейд жүрдү

771

Жалал-Абад шаарында «Кайырчы» рейди өткөрүлүп, 37 лөлү тектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Кайырчы» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Анын алкагында шаар аймагындагы көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлүлөр аныкталды. Анын ичинде 7 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.

Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкендиги белгилүү болду. Рейд учурунда аныкталган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772