7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазуучу Омор Соороновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

366

Бүгүн борбор калаада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын, адабиятчы жана сынчы Омор Соороновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, туугандары, илим жана маданият ишмерлери, ошондой эле маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты.

Коштошуу сөзүн сүйлөгөндөр Омор Соороновдун кыргыз адабият таануу илимине кошкон баа жеткис салымын белгилешти. Ал өзгөчө унутта калган акын-жазуучулардын жана тарыхчылардын кол жазмаларын изилдеп, аларды араб жана латын ариптеринен азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп, калыбына келтирүүдө зор эмгек жумшаган.

Омор Соороновдун көп жылдык илимий жана чыгармачылык иши мамлекет тарабынан жогору бааланган:

  • 2017-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган;
  • Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты;
  • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
  • Эл агартуунун мыктысы.
367