7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазуучулар Союзу Айтматов тууралуу талкуулар боюнча билдирүү таратты

310

Улуттук жазуучулар союзунун жалпы жааматы Чыңгыз Айтматов тууралуу айтылган сөздөр тууралуу билдирүү таратты.

«Чыңгыз Айтматовдун атына шек келтирген жана чындыкка туура келбеген сөздөрдү негизсиз деп эсептейт. Кыргыздын нукура адабиятын жана улуттук нарк-насилин тепсөөгө жол бербөөгө чакырат.

Коомчулуктун пикирин эске алуу менен Сыймык Жапыкеевге тиешелүү тараптар мыйзам чегинде укуктук баа берүүнү максаттуу деп эсептейбиз», — деп жазылат Жазуучулар союзунун билдирүүсүндө.

«Жакында Эрнис Кыязовдун подкастына Сыймык Жапыкеев интервью берди. Интервьюсунда улуттук сыймыгыбыз болгон жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу сөз болуп талкууга алынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жалпы жааматы Чыңгыз Айтматов тууралуу айтылган сөздөргө төмөндөгүдөй билдирет. Чыңгыз Айтматовдун атына шек келтирген жана чындыкка туура келбеген сөздөрдү негизсиз деп эсептейт. Кыргыздын нукура адабиятын жана улуттук нарк-насилин тепсөөгө жол бербөөгө чакырат. Коомчулуктун пикирин эске алуу менен Сыймык Жапыкеевге тиешелүү тараптар мыйзам чегинде укуктук баа берүүнү максаттуу деп эсептейбиз»-, дейт жазуучулар союзу.
311