7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңил атлетчи Отто Барч 79 жашында көз жумду

153
Бүгүн, 23-октябрда 79 жашында белгилүү спортчу, жеңил атлетчи СССРдин үч жолку чемпиону Отто Эдуардович Барч дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Россиялык немистердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Отто Барч Кыргыз ССРин эл аралык спорт аренасында татыктуу деңгээлде көрсөтүп, советтик жеңил атлетиканын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал устаты Николай Жиловдун тарбиясында өсүп, чоң спортто жогорку жыйынтыктарга жетишкен.
Отто Барч – СССРдин үч жолку чемпиону (1973 — 50 км, 1975 — 20 км, 1978 — 50 км) болгон. Ал 1968-жылы Мехикодо өткөн Олимпиадада 20 км аралыкта 6-орунду, 1972-жылы Мюнхенде 50 км боюнча 4-орунду, 20 км боюнча 6-орунду, ал эми 1976-жылы Монреалда 20 км боюнча 13-орунду алган.
1973-жылы Отто Барч дүйнөлүк кубоктун күмүш байгесинин ээси, ал эми 1974-жылы Европа чемпионатында 50 км аралыкта күмүш медалга татыган.
СССР тарагандан кийин Германияга көчүп, ошол жакта жашоосун уланткан. Ошентсе да, ал Кыргызстандагы спорт коомчулугу менен байланышын үзгөн эмес.
1974-жылы режиссёр Карел Абдыкулов Отто Барч тууралуу 10 мүнөттүк даректүү фильм тарткан. Аталган фильм Минск жана Оберхаузен шаарларында өткөн фестивалдардын лауреаты болгон.
154