7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеңилдетилген насыянын алкагында фермер эт өндүрүшүндө жакшы көрсөткүчкө жетүүдө

314

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылындагы фермердик чарба мамлекеттин колдоосунун аркасында ийгиликтүү иш алып барууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Фермер 3 пайыздык жеңилдетилген насыянын алкагында «Айыл Банк» аркылуу каржылык колдоого ээ болгон. Ал насыяга алган каражатка Россиядан эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйларды алып келген. Бүгүнкү күндө малдын саны көбөйүп, заманбап ыкмалар менен багылып жатат. Бул порода тез семириши жана эт өндүрүмдүүлүгүнүн жогору болушу менен айырмаланып, аймактагы этке болгон суроо-талапты камсыздоодо маанилүү роль ойноодо.

Белгилей кетсек, фермер буга чейин эле Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен кооператив түзүп, айыл чарба продукциясын биргелешип өндүрүү жана сатуу багытында туруктуу иш жүргүзүп келген. Кооперативдик ишмердүүлүк фермерлердин кирешесин жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошууда.

Министрлик тарабынан берилген жеңилдетилген насыялар жана системалуу колдоолордун натыйжасында фермер чарбасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, эт өндүрүшүндө жакшы көрсөткүчтөргө жетишүүдө.

315