7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЭБде жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат

704

ЖЭБде жабыркаган эки адам Түркиядагы адистештирилген клиникага которулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Голджук” ооруканасынын эки реаниматолог дарыгери Кыргызстанга учуп келди.

Дарыгерлер Этем Өзтүрк жана Энгин Четин КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен биргеликте жабыркагандардын абалы менен таанышып, бейтаптарды дарылоо тактикасын жана дайындалган дарылоону карап чыгышты, ошондой эле анын жыйынтыгы менен дарыгерлердин кеңешмесин өткөрүштү.

Этем Өзтүрк эки бейтаптын абалы оор экенин, бирок алар аң-сезимдүү экенин, реакция билдирип, суроолорго жооп берип жатканын белгиледи. Алардын абалын эске алсак, дарылоо узакка созулат, ошондуктан катуу күйүк алган бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн адистештирилген ооруканада дарылоо натыйжалуу болоорун белгилей кетүү керек. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев, кечээ Садыр Жапаров жабырлануучулардан кабар алганы баргандан кийин тажрыйбалуу чет элдик адистер менен консультацияларды уюштуруу боюнча тапшырмаларды бергенин белгилеп өттү.

Буга байланыштуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу аркылуу түрк адистери келишти.

Кеңешменин жыйынтыгында эки жабырлануучуну андан ары дарылоо үчүн Түркиядагы адистештирилген клиникага которуу чечими кабыл алынды.

705