Түркиянын Адана шаарынын Мамлекеттик илимий ооруканасында Бишкек ЖЭБдеги авария жана аскердик тик учактын кулашынан жабыркаган төрт кыргызстандыкты дарылоо уланууда.
“Кыргыз Республикасынын Анталиядагы Башкы консулдугу жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүп, түрк ооруканасынын дарыгерлери менен дайыма байланышта болууда.
Учурда бейтаптарга ыкчам операция жасалып, реанимацияда жатышат. Азыркы маалда алардын жанында жакын туугандары карап жатышат.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу бардык керектүү жардамдарды көрсөтүүнү улантып жатат.
Ошону менен катар аталган маселе Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө болууда”,-деп берилет маалыматта.