Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.
Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинен:
ӨКМден 133 куткаруучу; 17 техника; 6 суу сордуруучу мотопомпа; дрон; 12 жылыткыч; 10 чатыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:
- авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;
ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
- ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө;
Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
Жеринде мындан сырткары, жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер 21 техника курулуш компанияларынан 338 куруучу 5 техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.