Штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыркаган Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) бардык кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандар менен байланыш үзүлгөн жок. Керектүү материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле жардам сурап кайрылган машинистке 180 миң сом төлөнүп берилген.
Эске салсак, буга чейин денесинен дээрлик 15% күйүк алып, ооруканада бир айдай жаткан Бишкек ЖЭБинин машинисти өлкө жетекчилигине толук сакайып кеткенге чейин жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.