7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЕЭК жыйынында коопсуздукту камсыздоого 4 миңден ашуун милиция тартылат

580

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму учурунда Ички иштер органдары күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын декабрында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму өтөт. ЖЕЭК жыйынынын алкагында бир катар иш-чаралар пландаштырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өткөрүлөт.

Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев мамлекеттик иш сапары менен келет.

«Эл аралык масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан укук тартибин тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттарынын эсеби жүргүзүлүп, ага ылайык коомдук тартипти сактоого жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылат. Милиция, расмий иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыз кылат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым тилкелерде транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет, буга байланыштуу жарандардан көрүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581