7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөнстандын жана Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

424

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев КРнын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин даанышман жана көрөгөч жетекчилигиңиз астында Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Республикада эбегейсиз зор кайра куруулар, социалдык-экономикалык өнүгүү ишке ашырылып жатат. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чыңдоого Сиздин жеке көңүл бурууңузду жана ырааттуу колдооңузду өзгөчө белгилегим келет. Биздин мамилелерибиз элдерибиздин жыргалчылыгы учун мындан ары да үзгүлтүксүз чыңдала бере тургандыгына ишенебиз. Учурдан пайдаланып, чын дилимден Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана бакыт, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

 

Ал эми, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

«Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамилелердин азыркы деңгээлин көрүп, кубанычтамын. Улам кеңейип бараткан саясий диалог, жогорку деңгээлдеги өз ара визиттер, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибизди мүнөздөгөн фундаменталдуу факторлор болуп саналат. Стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткен биздин мамлекеттер аралык байланыштарыбызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Мен жакында Бишкекке келгенимди, биздин жолугушуубузду жана кеңири пикир алмашуубузду жылуу эскерип, Сиздин өлкөңүздө азербайжан элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн жаркын элесине көрсөтүлгөн урматты жогору баалайм. Бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн биргелешкен күч-аракетибиз менен биз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара ишенимге жана колдоого негизделген мамилелерди жана жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да ийгиликтүү кеңейтип жана чыңдайбыз деп ишенем», — деп айтылат Азербайжандын президентинин куттуктоосунда. Ильхам Алиев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

425