Австралия жер шарынын дээрлик четинде жайгашкан өлкө. Бул мамлекеттин жакын коңшу өлкөлөрү жок анткени, ар тараптан океан суулар курчап турат.
Дүйнөдөгү эң сейрек жана уулуу жаныбарлар дал ушул жерде жашайт. Австралияга баргыңыз келеби? Анда, аталган өлкө тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
1. Австралия толук бир континентте жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз өлкө. Аймагынын чоңдугу боюнча дүйнөдө 6-орунда турат. Австралия азыр дүйнөдөгү өнүккөн капиталисттик он мамлекеттин катарына кирет. Штаттын борбору — Канберра.
2. Австралиялыктардын бир өзгөчөлүгү — калктын 88% шаарларда жана шаарчаларда жашайт. Австралия сабаттуулугу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
3. Ушул өлкөдө гана коала, кеңгуру, эму, коокабурра сыяктуу жаныбарлар бар.
4. Мыйзамды эң аз бузган өлкө болуп саналат.
5. Уулуу жана жапайы жаныбарлар көп кездешет.
6. Австралияда жашаган жыландар бир эле учурда жүз адамды өзүнүн уусу менен өлтүрүүгө жөндөмдүү.
7. Көпчүлүк тургундары англис тилинде сүйлөшөт.
8. Австралиянын негизги кирешеси туризмден түшөт.
9. Кээ бир жерлеринде 44 жылдан бери пляждарда сүзүүгө тыюу салган мыйзам бар.
10. Фрейзер — Австралияда жайгашкан дүйнөдөгү эң ири кумдуу арал.
11. Крокодилдин этин жешет. Жөргөмүштөрдүн 1500дөн ашык түрү бар.
12. Дүйнөдөгү эң чоң алмаз табылган жалгыз өлкө. Минералдык заттарга бай.
13. Австралияда жай декабрь айынан февраль айына чейин созулса, кыш айы июнда башталат.
14. Көпчүлүк туристтер Мелбурнда эң даамдуу кофе бар экенин белгилешет.
15. Австралия дүйнөдөгү эң бийик үйлөрдү курганы менен дагы белгилүү.
16. Дүйнөдөгү эң чоң опера театр Австралияда жайгашкан.
17. Австралиялыктар азарт оюндарына жакын келишет. Алардын 80% азарт оюндарын ойношот.
18. Австралияда ашыкча салмак менен 63% күрөшүп келет.
19. (Розовый) Кызгылт өңдөгү көл көпчүлүктү суктандырып келет.
20. 1902-жылы аялдардын укугун коргогон дүйнө жүзү боюнча экинчи өлкө болуп саналат.
21. Австралияда кенгурулардын саны адамдардын санынан 2,5 эсе көп.