7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев: Кытай жарандары өлкөгө темир жол долбоору үчүн убактылуу тартылды

6

Чүйдө болгон жол талаш окуясынан кийин Кытай жарандарына карата айтылган нааразылык пикирлер коомчулукта талкуу жаратты. Бул маселе боюнча “Кабар” маалымат агенттиги Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге кайрылып, кыргыз-кытай мамилелерине байланышкан суроолорду узаттык.

— Саламатсызбы, Жээнбек Молдоканович! Чүй облусунда Кытай жарандары менен жергиликтүү тургун жол талаша кетип, кытайлыктар биздин жаранды сабап салыптыр деген маалымат тарап жатат. Негизи эле акыркы убакта Кытайдын жарандары көп болуп кеткенин, алар тараптан мыйзам бузуулар болгонун айткандар болууда. Чындап эле бул кошуна өлкөнүн жарандары бизде өтө эле көп болуп кеткен жокпу?

Ал окуя тууралуу кабарым бар. Алдын ала айтылган маалыматтарга ылайык, Чүйдө оор жүк ташуучу унаа айдап иштеп жүргөн кытайлык жаран менен биздин жарандын ортосунда чыр жол талаштан улам чыккан. Бул боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп, анан юридикалык баа берилет.

Бизде Кытай жарандары көппү деген сурооңуз боюнча, ооба, мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк. Алар эмне кылып жатат?

Учурда биринчи эле кезекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Бул долбоордо каралган иштерге Кытай жарандары дагы өздөрүнүн заманбап технологиялары менен тартылды. Өзүбүз дагы бул долбоордун алкагындагы ички темир жолдорубузду куруп жатабыз.

Бирок бул ири долбоорду биз өзүбүздүн гана күч менен сала албай турганыбызды жарандарыбыз жакшы түшүнүүсү кажет. Отуз жылдан бери сөз болуп келип, бирок бир дагы президент бул долбоорду баштоону кой, аны ишке ашырууга олуттуу кадам жасай алган эмес.

— Бул темир жолсуз деле жашап келдик да бирок?

Кеп ошол кантип жашап келдик дегенде. Өлкөбүз туюк аймакта жайгашкан, башкача айтканда, дүйнөгө чыгуу үчүн жолу жок өлкө. Коңшу Казакстан аркылуу чыгып жүрөбүз. Образдуу айтсак “үңкүрдөгүдөй” туюк. Чек арабыз бир саатка жабылса эле жүк ташуучу унааларыбыз үйүлүп калат. Жарандарыбызга ыңгайсыздык жаратат. Мунун баарына узак убакыттан бери күбө болуп келе жатабыз.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтөрү менен бизде альтернативдүү каттам пайда болот. Европа өлкөлөрүнө, деңиз портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Транзиттик өлкөгө айланабыз. Экономикабыздын, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым болот.

Ошондуктан жөн жерден антикытайлык маанайды күчөтүүгө жол берген провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырам.

Иштеп жаткан кытайлык жарандар эмгек визасынын негизинде иштеп жатышат. Көзөмөлсүз эле каптап кирип жаткан жери жок. Бизде визалык режим бар. Визасынын мөөнөтү бүтөрү менен чыгып кетишет. Виза мөөнөтү бүтүп чыкпагандары болсо рейддерде аныкталып, депортация болот. Аларга мыйзам жактан проблемалар керек эмес.

Сиз айткан темир жол макул, келечектүү ири долбоор болгон үчүн башка өлкөнүн жарандары  ишке тартылууда дейли. Бирок өлкөдөгү башка жактарда деле Кытай жарандары иштеп жатышат да?

Жогоруда айтканымдай, башка өлкөлөрдүкүндөй эле Кытай жарандары деле ар кыл тармакта эмгек визасы менен иштеп келишет. Жолдорду, көпүрөлөрдү салып жатышат. Ошол кытайлыктар каптап жатат деп провокациялык маалыматты таратып жаткандар жана Нарында же дагы башка жакта “жолдорубуз айлап-жылдап салынбай жатат” деп ач айкырык салгандар бир эле кишилер го дейм.

Же Балыкчы — Барскоон жолун алалы. Жергиликтүү компаниялар биз жасайбыз деп жоопкерчилик алышкан. Төрт жылдан бери аягына чыккан жок. Кытайлык компанияларды биз жалдап иштетип жатабыз. Жолбу, көпүрөбү, туннелби бүткөн соң кайра эле өз өлкөсүнө кайтышат. Эч ким түбөлүккө калып кетип жаткан жери жок.

Ошондуктан учурдан пайдаланып, жарандарыбызга, айрыкча “Кытай жарандары каптап кетет” деп негизсиз чочулап жаткандарга жана алар бул жакта мыйзамдуу, убактылуу иштеп жүргөнүн билип туруп абалды чыңалткысы келгендерге кайрылат элем.

Биз жаңы бир нерсе ойлоп тапкан жерибиз жок. Өнүккөн мамлекеттерден квалификациялуу же арзан жумушчу күчүн долбоорлорго тартып туруу — дүйнөлүк практика. Баарыбыз өлкө өнүксүн дейбиз. Ошону талап кылабыз. Бирок ошол багытта иш жүрүп жатса, элди козуткан, чагымчыл сөздөрдү айткандар бар. Бул такыр туура эмес көрүнүш.

Сабырдуу бололу. Алар бизге муктаж болуп турган жери жок. Биз аларга убактылуу муктаж болуп турабыз. Майда-чүйдө түшүнбөстүк болуп кетсе, аны акырын мыйзамдуу жолдор менен чечели. Башында сөз болгон чыр, мисалы, жол талаштан болду деп жатышат. Ошону мушташка чейин жеткирбей коюшса болмок.

Өз кезегинде биз Кытайдын Тышкы иштер министрлигине, элчилигине дагы жергиликтүү тургундарга сый мамиле кылуу, мыйзамдарды катуу сактоо зарылдыгы боюнча өз жарандарына түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү керектигин айтабыз.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

7