7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Түркияда «Аныткабир» мемориалдык комплексине барды

298

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга жасаган расмий сапарынын алкагында Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине барды.

Министр Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин бир мүнөт унчукпай эскерди.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев мемориалдык комплекстин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, Ататүрк жана Көз карандысыздык согушу музейинин экспозициясы менен таанышты.

Иш-чара Түркияга жасалып жаткан расмий сапардын алкагында өттү.

299